Казакстандын жогорку окуу жайларында кыргызстандыктар үчүн 50 орун бөлүндү

Казакстандын жогорку окуу жайларында 2023-2024-окуу жылы үчүн кыргызстандыктарга 50 орун бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары бакалавр, магистратура жана резидентура багыттары боюнча документ тапшыра алышат. Ал үчүн талапкерлер онлайн системасында кирип, “2023-2024-окуу жылына Казакстан Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу” бөлүмүнө катталышы шарт.
Ошондой эле коңшу өлкөдө билим алууну каалагандар керектүү документтерин 2023-жылдын 22-июну саат 23:59га чейин жүктөшү керек. Министрликтен билдиришкендей, транспорттук жана башка чыгымдар стипендиялык программанын катышуучулары тарабынан каржыланат.
Каттоо жана документтерди тапшыруу шарттары тууралуу толук маалымат алуу үчүн шилтемеге кирсе болот.


