super.kg logo

Жалал-Абадда сугат суу скважиналары пайдаланууга берилди

 

Жалал-Абад шаарында дарактарды сугаруу үчүн 3 скважина пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, техникалык суу чыгаруучу скважиналар шаардагы "Токтогул", "Жеңиш" эс алуу парктарына жана Балтагулов көчөсүнө курулуп, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен белгилешкендей, скважиналар аркылуу "Токтогул", Жеңиш сейил бактарындагы, Токтогул аллеясындагы, Ленин, Кыргыз Республикасы, Шопоков, Осмонов көчөлөрүндөгү дарактар, гүлдөр суу менен камсыз болуп, арыктар аркылуу сугарыла баштады.

"Скважиналар Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке киргизилди. Алдыда республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 миллиард сом акча каражатынын эсебинен дагы 5 скважина курулмакчы", - деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, ушул мезгилге чейин шаардагы дээрлик бардык дарактар жана гүлдөр атайын унаалардын жана суу түтүктөрдүн жардамында сугарылып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: