super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров Си Цзиньпинди куттуктады 

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сиздин турмуштук тажрыйбаңыз жана талыкпас эмгегиңиздин негизинде Кытай гүлдөп-өнүгүү жолуна ишенимдүү багыт алууда.

Биз сиздин эркиңизге жана алдыга койгон максатка жетүүдөгү чечкиндүүлүгүңүзгө суктанабыз. Кыргызстан сизди кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө зор күч-аракет жумшап жаткан ак ниет дос катары билет.

Кытайга мамлекеттик сапарымдын жана "Борбор Азия-Кытай" саммитине катышуумдун алкагында Сиань шаарында сиз менен болгон жолугушуубузду жылуу сезимдер менен эстейм.

Сапарымдын алкагында жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана өз ара ишеним мамилелерин андан ары да илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле сиз менен болгон жеке алакабызды чыңдоого негиз түздү.

Өз кезегимде кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин жогорку деңгээлде туруктуу сактоо үчүн сиз менен чогуу биргелешкен күч-аракетимди жумшоого ар дайым даярмын", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишинде андан аркы ийгиликтерди, ал эми дос кытай элине бакубаттык, тынчтык жана өркүндөөнү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: