super.kg logo

"Жыл мугалими" сынагын республикалык бюджет менен президенттин фонду каржылайт

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарлыктын милдеттери педагогикалык кесипти кеңири жайылтуу, мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдеринин жана мыкты тарбиячыларынын алдыңкы инновациялык педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу болуп саналат.

Билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга, мектепке чейинки жана башталгыч, негизги, орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө, педагогикалык кызматкерлердин эмгектик аброюн жогорулатууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

Туруктуу негизде ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык сынактары өткөрүлсүн.

Төмөнкүлөр белгиленсин:

- ар жылдык республикалык конкурстар республикалык бюджеттин жана президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан борборлоштурулуп өткөрүлөт;

- ар жылдык республикалык конкурстарга төмөнкүлөр катыша алат:

  • мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын предметтик мугалимдери жана башталгыч класстарынын мугалимдери, жалпы билим берүү уюмунда мугалимдик кызматта иштегендер;
  • мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары, методисттери, мугалимдер, музыкалык жетекчилер, мектепке чейинки билим берүү уюмунда жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарда иштегендер;

- «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сыйлыктарын бир эле адамга кайра ыйгарууга жол берилбейт;

- ар жылдык республикалык конкурстардын жыйынтыктарын чыгаруу жана сыйлоо аземи кесиптик майрамдын – Эл аралык мугалимдер күнүнүн алдында 5-октябрда өткөрүлөт.

Министрлер кабинети ушул жарлыктан келип чыгуучу бардык зарыл чараларды көрсүн.

Билим берүү жана илим министрлиги:

- ар жылдык «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарын өткөрүү тартибинин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Министрлер Кабинетине киргизсин;

- ар жылдык республикалык сынактарды өткөрүү үчүн тесттик жана баалоо инструменттерин иштеп чыксын жана апробация жүргүзсүн.

Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар жылдык республикалык конкурстарды өткөрүүдө Билим берүү жана илим министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: