super.kg logo

О! операторунан eSIMге өтүүнүн 5 себеби

 

eSIM – сиз үчүн эң мыкты вариант экенинин далили:

1. Бул трендде болуу жана инновациялык технологияны толугу менен акысыз сынап көрүү мүмкүндүгү. O!Store дүкөндөрүнүн биринен паспортуңуз менен 5 мүнөттө эле каттоодон өткөрө аласыз;

2. Бир смартфонго 2ден ашык номер колдонсо болот. Бул ар башка номерлерден жеке жана жумуш боюнча чалууларды ажыратууга мүмкүндүк берет;

3. Саякат үчүн ыңгайлуу. Сапарга чыкканда скрепка издеп, номерди алмаштыруу үчүн түзүлүштү ачып отуруунун зарылдыгы жок;

4. eSIMди бузуп/жоготуп алуу мүмкүн эмес, анткени бул пластиктен жасалган физикалык симка эмес, жөнөкөй эле QR-код. Убакыт өткөн сайын кадимки физикалык SIM-карта сүрүлүп отуруп эскирет, аны кайра калыбына келтирүү же алмаштыруу зарылдыгы пайда болот.

5. eSIMдин башкы артыкчылыктарынын бири – коопсуздук. eSIMди ээси жок чыгаруу мүмкүн эмес – түзүлүшкө жаңы профилди жүктөөгө жана эскисин өчүрүүгө ээсинин гана укугу бар.

Смартфонуңузда eSIM технологиясынын иштеп же иштебей турганын шилтеме аркылуу текшере аласыз.

О! түйүнүнөн 1 жумага же дароо 4 жумага төлөө формасы менен өзүңүзгө ыңгайлуу тарифти тандап алыңыз. o.kg сайтынан смартфондор үчүн атайы сунуштарды таба аласыз: О! түйүнүндө акысыз байланыш каралган үнөмдүү топтомдордон тарта мобилдик ТВ жана кинотеатрлары менен чексиздикке чейин, бүтүндөй үй-бүлө үчүн топтомдор, ошондой эле роутерлер, модемдер жана акылдуу түзүлүштөр.

eSIM менен чалууга, интернет колдонууга — кыскасы, сиз көнгөндүн баарын аткарууга болот.

О! — бул инновациялар жана сапаттуу сервис.

О! Мобилдик оператору — Кыргызстандын мобилдик байланыш боюнча ири провайдери жана калктын 99% өз ичине алган 4G/3G/2G камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: