Бишкекте Жукеев-Пудовкин, Киев көчөлөрүндө электр унааларын кубаттоочу пункттар орнотулду. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пункттар менен министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери таанышты.

Анда президенттик аппараттын өкүлү, экономика жана коммерция министринин орун басары, ошондой эле «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын башкы инженери жана башка кызмат адамдары катышты.

Аталган ишти Экономика жана коммерция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Энергетика министрлиги ишке ашырды.

Белгилей кетсек, бөлүштүрүүчү компаниялар бул жабдууларды кабыл алып, эсептегичтерди орнотушат. “Бишкек башкы архитектура” электр унааларын кубаттоочу чордондорду жайгаштыруунун тармактык схемасын иштеп чыкты. Жалпысынан 30дан 60ка чейин электр кубаттоочу чордондорун орнотуу пландаштырылды.