Бишкектин Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков Чыгыш автобекетинин жанындагы жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктү оңдоону тиешелүү кызматкерлерге тапшырды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, район башчысы өтмөктүн санитардык абалын, чыгыш автобекетинин жанындагы сугат лотокторунун курулушу менен таанышып, автобекеттин жетекчилигине түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Текшерүүнүн натыйжасында район башчысы «Бишкек асфальт сервис», «Бишкек жарык» МИна өтмөктө күндүзгү жарыкты туташтыруу боюнча иштерди тез арада жүргүзүү керектигин айтты. Ошондой эле ал коммуналдык чарбаларга жалпы тазалоо иштерин уюштурууну тапшырды.

Мындан тышкары ал чыгыш автобекетине жанаша жайгашкан аймактын санитардык абалын күн сайын көзөмөлгө алып, ирригациялык түтүктөрдү курууну тездетүү керектигин баса белгиледи.