ЕАЭБ макулдашуусунун алкагында пенсия чектөө уланууда
ЕАЭБ макулдашуусунун алкагында 41 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын 34, Казакстандын 7 жарандарына пенсия чектелди. Ал эми Орусия Кыргызстандын 5 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.
Эске салсак, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.
Анда ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлүп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Армениянын жана Беларустун жарандары эмгекчилер болуп саналат.


