super.kg logo

Жарандарды жумушка орноштуруу борбору: Чет өлкөдө 1300дөй бош орун бар  

 

Учурда чет өлкөдө иштөөнү каалаган кыргызстандыктар үчүн 1300дөй бош орун бар. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөдө жумуш менен камсыздоо борборунун директору Алмаз Алыбаев SUPER.KG порталына берген маегинде билдирди.

Алыбаев билдиргендей, аталган борбордо 18 мамлекетке жумушка орноштуруу боюнча программалар бар.

“Жалпысынан алып караганда, Кыргыз жарандары Перс булуңундагы 7 мамлекетке, андан сырткары Япония, Германия, Улуу Британия, Орусия, Казакстан, Түштүк Корея жана Түркияга барып иштеп келүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Азыр Польша менен дагы иштеше баштадык. Июль айында да Улуу Британиядагы өнөктөштөрүбүз менен аңгемелешүү өткөрүүнү пландап жатабыз. Негизинен Улуу Британиядан сырткары аты аталган өлкөлөрдө 1300гө жакын жумуш орундары бар”,- деп билдирди Алыбаев.

Ошондой эле Алыбаев migrant.kg сайтындагы автоматташтырылган электрондук система аркылуу Кыргызстандын бардык жарандары өзүнүн анкетасын аталган борборго жөнөтө алышарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: