super.kg logo

Акылбек Жапаров Баткен облусунда курулуп бүткөн үйлөрдүн абалы менен таанышты

 

Бүгүн, 15-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында талкаланган Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу бир нече айылдарында курулуп бүткөн турак-жайлардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416 турак-жайдын курулушу бүткөрүлгөнү айтылды. Ак-Сай айылында жайгашкан бир үй 2 күндүн ичинде бүткөрүлөөрү белгилүү болду.

Белгиленгендей, үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Бүткөрүлгөн үйлөр менен таанышып чыккан Жапаров өзгөчө макамга ээ болгон Баткен облусун өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыты экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Баткен облусунун “депутаты” дагы, “министри” дагы экенин, облус калкынын жашоосун мурдагы нукка буруу үчүн бардык шарттарды колдонобуз деп бир нече жолу айткан. Бардык шарттары бар турак-жайлар курулуп бүттү, социалдык объектилер, аскердик инфраструктураны бүтүрүү стадиясында турат, жолдор, анын ичинде ички жолдор курулууда. Акырындык менен жашоо жакшырып баратат, баары жакшы болот, Баткенди гүлдөп-өсүү гана күтүп турат”, - деп баса белгиледи Жапаров.

Андан соң ротация менен келген жергиликтүү бийлик башчыларына курулган кызматтык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Учурда үйлөрдүн курулушу 85 пайызга бүтүп калды, тактап айтканда, пайдубалын түптөө бүткөрүлүп, чатыры жабылып, ички жана тышкы оңдоо иштери бүткөрүлдү.

Маалым болгондой, облус боюнча жалпысынан 31 ушундай турак-жай курулат.

Иш сапарынын биринчи күнүнүн соңунда Жапаров Лейлек районунун ички жолдорун реконструкциялоо иштери менен таанышып, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: