Бишкекте Панфилов көчөсүнүн Фрунзе көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Белгиленгендей, учурда бул объектиде эски асфальт алынып, жол жээктери орнотулуп, жаңы асфальт төшөө үчүн жолду даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
"10 күндүн ичинде асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери башталат. Жолдун бөлүгүндөгү иштери аяктагандан кийин тротуарды оңдоо иштери башталат" дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, мындай иштер Орозбеков көчөсүнүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин жүргүзүлөт.