super.kg logo

Маданият министрлиги Моргенштерндин Бишкектеги концертин жокко чыгарышы мүмкүн

 

Орусиялык репэр Алишер Моргенштерндин Бишкекте пландаган концерти жокко чыгышы мүмкүн.

Бүгүн, 16-июнда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Алишер Козуев орусиялык рэпердин Бишкекте пландаган концерти жаштарга терс таасирин берерин айтты.

"Сиздерге сырттан келеби же ичтенби, иш-чара өткөрөрдө сиздер менен макулдашылабы? Жакынкы күндөрү биздин жаштарыбызга терс таасирин тийгизе турган чет элдик Моргенштерн деген киши концерт койгону жатат. Ошого чара крбөйсүздөрбү", - деди Козуев.

Өз кезегинде Маданият министри Алтынбек Максутов бул боюнча министрлик иш алып барып жатканын айтты.

"Бул боюнча иш алып барып жатабыз. Биз кечээ күнү дагы тапшырма берип, ошол имараттын жетекчиси менен дагы сүйлөшүп, иштерди алып барып жатабыз. Бул боюнча биздин дагы сиз менен пикирибиз бир. Анткени Орусияда дагы бул кишиге кылмыш иши козголгон. Концертти токтотуу үчүн иштерди алып барып жатабыз", - деди Максутов.

Моргенштерндин Бишкектеги концерти 23-июнга пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.06.2023. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаштардын психологиясын буза турган концерт, иш-чараларды мыйзам чегинде чектеп салыш керек
16.06.2023. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Түсү шайтан элего мунун адамга окшобогон.
16.06.2023. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кебетеси кантет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: