super.kg logo

"Байыганымды факты менен айтыңыз". Алтынбек Максутов менен Жеңишбек Токторбаев кайым айтышты (видео)

 

Маданият министри Алтынбек Максутов депутат Жеңишбек Токторбаевдин сөзүн сынга алды.

Бүгүн, 16-июндагы “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев коомдо "Алтынбек Максутов кызматка келгенден кийин абдан толуп, анан бир аз байыды" деген сөз болуп жатканын айтты.

Өз кезегинде Максутов депутаттын бул сөзүнө кошулбай турганын айтып, аны факты менен сүйлөөгө чакырды.

"Менин толуп кеткеним боюнча жооп берейинчи, эми ар кимдин организми ар кандай экен, чай ичеби, ичпейби. Анан сиз мени "Байып кетти" деп каралап жатасыз. Эгерде сиздин менин эмне болуп байып кеткендигим тууралуу фактыңыз болсо бериңиз. Анан жөн эле кооздоп сүйлөй берген деле болбойт", - деди Максутов.

"Фактыны столдун үстүнө таштап койдум", - деп жооп берди Токторбаев.

Өз кезегинде фракциянын төрагасы Бакытбек Сыдыков Алтынбек Максутовду кайым айтышпоого чакырды.






Алтынбек Максутов менен Жеңишбек Токторбаев кайым айтышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: