super.kg logo

Депутаттар Эдил Байсаловду кызматтан кетирүү маселесин кароо керектигин айтышты

 

Депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чакырылганына карабай “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынына келбегени үчүн кызмат ордун кароо керектигин айтты.

"Бүгүнкү жыйынга Акылбек Үсөнбекович же Эдил Байсалов деген мырза келсе жакшы болор эле", - деди Атазов.

Өз кезегинде Бакытбек Сыдыков Эдил Байсалов менен финансы министри Алмаз Бакетаев бүгүнкү жыйынга келем деп келбей коюшканын айтты.

"Шайлообек Карыбекович, Бакетаев жана Байсалов боюнча бүт баары сүйлөшүлүп, келебиз дешкен. Мына телефонограммасы жок, эч нерсеси жок келбей коюшту. Биз бул боюнча чара көрөбүз", - деди Сыдыков.

Шайлообек Атазов дагы Эдил Байсаловдун кызмат ордун караш керектигин айтты.

"Эдил Байсалов мырза келбегендиги үчүн анын иш ордун караш керек. Өткөндө дагы биз башка тема боюнча президентке сунуш бергенбиз", - деди Атазов.






Жогорку Кеңеш 16.06.23.

Жогорку Кеңеш 16.06.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: