super.kg logo

Ленин округу боюнча шайлоо: Кайсы талапкерлерге 100 миң сому кайтарылат?

 

Бүгүн, 16-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кезексиз шайлоого катышкан канча талапкерге 100 миң сом шайлоо күрөөсү кайтарылары маалым болду.

Шайлоодо 29 талапкер ат салышкан. Анда алдын ала жыйынтык боюнча Дамира Ниязалиева 6 249 добуш (35,86 пайыз) алып, жеңүүчү деп табылган. Ал эми экинчиде Улан Сариев - 11,88 пайыз (2 070 добуш) алган.

5-июндагы Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Мындан улам аталган эки талапкерге күрөөсү кайтарылбайт.

Жобого ылайык, беш пайыздык босогодон ашкан талапкерлерге 100 миң сом шайлоо күрөөсү кайтарылмак. Беш пайыздык босогодон жогорудагы эки талапкерден сырткары дагы үч талапкер өткөн.

Алар:

Эртай Искаков - 7,56 пайыз (1 317 добуш);

Акыл Айтбаев - 5,69 пайыз (991 добуш);

Аттокур уулу Илимбек - 5,16 пайыз (900 добуш).

Бирок шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, каттоосу жокко чыгарылган эки талапкерден башка бардык талапкерлерге күрөө кайтарылып берилет.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү отурумунда Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Кайра шайлоо азырынча расмий түрдө жарыялана элек.






БШК 16.06.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: