super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолукту (фото) 

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда Пекин шаарынан мамлекеттик сапардан кийин (Кытай Эл Республикасы) келе жатып, Кыргызстанга сапар жасаган Палестина мамлекетинин президенти Махмуд Аббас менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, анда Кыргыз-Палестина эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, Кыргызстан боордош Палестина мамлекети менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана ар кандай өз ара пайдалуу тармактарда кызматташууну чыңдоого кызыкдар. Эки элди жалпы тарыхый жана руханий достук байланыштар бириктирип турат.

Ал Кыргызстандын эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки өлкө ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалогду колдоого, өз ара кызыкчылыктын бардык чөйрөлөрүндө кызматташууну жөнгө салууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан араб дүйнөсү менен кызматташууну бекемдөөгө умтулганын жана Палестинаны эл аралык аренада колдоп келгенин белгиледи.

Анын алкагында, кыргыз тарап Бириккен Улуттар Уюму менен Ислам Кызматташтык Уюмунун аянтчаларында Палестина менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

Ошондой эле Садыр Жапаров Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Маликинин Кыргызстанга ушул жылдын август айына пландаштырылган расмий сапарын кубаттай турганын билдирди.

Анын жүрүшүндө маанилүү келишимдерди түзүп, кызматташуунун мындан аркы перспективаларын талкууланарына ишеним артарын айтты.

Учурдан пайдаланып, президент Садыр Жапаров Махмуд Аббасты ыңгайлуу убакытта өлкөгө алгачкы расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде Палестинанын президенти Махмуд Аббас жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Палестина үчүн боордош жана дос мамлекет экенин белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Палестинанын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абдан чоң потенциалын эске алуу менен өнөктөштүктүн темпин күчөтүүнү кааларын билдирди.

Мындан тышкары, Махмуд Аббас Палестина тараптын Кыргызстанда өз элчилигин ачууга жана Палестинанын эл аралык кызматташуу агенттигин кыргыз тарап менен байланыш түзүүгө багыттоого даярдыгын белгиледи.

Палестинанын президенти да өз тарабынан Кыргызстан менен Палестинанын дос элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн бардык комплексин улантууга жана жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендигин билдирди.

Өлкө лидерлери мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык аспектилерин талкуулоо үчүн диалогду улантууну макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: