super.kg logo

MEGA чоң суроо-жооп оюну: Tesla’нын үчүнчү  ээси аныкталды

 

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору “Унаа курап ал” укмуштуу суроо-жооп оюнунун үчүнчү турунун жыйынтыгын чыгарды.

Эске салсак, акция өткөн жылдын 29-августунда башталган. Интеллектуалдык июндун алкагында компания баалуу байгелерди утушка койгон. Алдыда абоненттерди суроо-жооп оюнунун жыйынтыктоочу туру күтөт. Бул дагы бир электрокар өзүнүн ээсин табат дегенди билдирет.

Экологиялык TeslaModel 3 электромобилдин ачкычын тапшыруу аземи 16-июнда кечинде “Ынтымак-2” паркында өттү. OpenAir – ачык асман алдындагы коноктор үчүн жергиликтүү эстрада жылдыздары – Кайрат Примбердиев, FREEMAN 996, Тамга шаңдуу хит ырларын аткарышты. Салтанаттуу кечеге келгендерге MEGA компаниясынын эксклюзивдүү белектери тартууланган кызыктуу конкурстар уюштурулду, ошондой эле акыркы үлгүдөгү смартфон утушка коюлду.

Кеченин кульминациялык бөлүгү суроо-жооп оюнунун жеңүүчүсүн жарыялаган учур болду. Баш байге – ультразаманбап TeslaModel 3 электрокардын бактылуу ээси Бишкектин 38 жаштагы жашоочусу Азамат Урманбетов болду.

«Мен өткөн жылдын сентябрь айында капыстан эле ойноп калдым. Кандай оюн экен деп кызыгып эле ойноп көргөм. Суроо-жооп оюндун биринчи турунда 10 миң сом утуп алгам. Уламдан улам ар бир туруна жоопкерчилик менен катышып жаттым. Менин оюмча, мыкты гана эмес, дисциплинага так түшкөн адам жеңишке жетет. Ар бир адам унаа утала алат, албетте эгерде ал өзүнүн күчүнө ишенсе. MEGA компаниясына кызыктуу суроо-жооп оюну жана ажайып белек үчүн рахмат», - деди үчүнчү турдун жеңүүчүсү.

MEGA компаниясы дагы бир Tesla’ны утушка коёт. “Унаа курап ал” суроо-жооп оюнуна кантип катышса болорун компаниянын расмий сайтынан окуңуз.

«Алдыда биздин суроо-жооп оюнунун төртүнчү, жыйынтыктоочу туру болот. Дагы бир унаа үч айдан кийин утушка коюлат. MEGA компаниясынын ар бир абонентинде аны утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар», - деп сөзүн жыйынтыктады массалык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Айдай Мокушева.

Катышкыла жана уткула! Эске алыңыз: сиз канчалык активдүү болсоңуз жеңүүчүлөрдүн катарын толуктоо мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук көп болот!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: