super.kg logo

Тажикстанга 2 тонна көмүрдү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

 

Кыргызстандык жаран 2 тонна көмүрдү Тажикстанга сатуу үчүн мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирет.

Маалымдалгандай, Баткен облусунун Лейлек районунун Кольцо участкасында чек ара тозотунун кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек ара тилкесинин жанынан Булак-Башы айылынын тургуну башкарып бара жаткан «Форд-Транзит» үлгүсүндөгү унаа кармалган.

"Унааны текшерүү учурунда жүк - каптарга салынган 2 тонна көмүр табылган. Айдоочунун айтымында, ал жүктү андан ары сатуу үчүн Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүнү көздөгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочу жана жүк кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: