super.kg logo

Ошто жер көчкү кооптуулугу бар аймактан көчүрүлгөндөр чатыр менен камсыз болду

 

Оштун Кара-Суу районунун Кожо-Келең айылында жер көчкү кооптуулугу бар аймактан көчүрүлгөндөр чатыр менен камсыз болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Папан айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде 16-июнда ӨКМ тарабынан 10 орундуу 6 даана чатыр бөлүнүп берилип, коопсуз жерге орнотулуп берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан ар бир үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү эмеректер (идиш, кир жуучу каражаттар, жылытуу меши жана жууркан-төшөктөр) жеткирилип берилген.

Эскерте кетсек, 15-июнда аталган айылда эски жер көчкү жылып жатканына байланыштуу көчкү алдында калуу коркунучу бар 5 турак үйдөн 39 жаран коопсуз жайга эвакуацияланган.

Жер көчкү кайрадан активдешип, жер кыртышы 12-13 метрге чейин отура баштаган. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 10 000 метр кубду түзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: