Бүгүн Эл аралык сейилдөө күнү. Бишкекте сейилдөө үчүн кайда барса болот? Тизме
Бүгүн, 19-июнь- Эл аралык сейилдөө күнү. Бул күн алгачкы жолу 1970-жылы 19-июнда АКШнын Мичиган штатында өткөн. Адистер сейилдөөнү бул күнү гана эмес, жалпысынан жаратылышка мүмкүн болушунча тез-тез чыгууну жана ал жерде бир аз болсо да убакыт өткөрүүнү сунушташат. Төмөндө борбор кааладагы кайсы жерлерде сейилдөөгө болорун тизмектейбиз.
“Панфилов” сейил багы
Борбор шаардагы Эски аянттан алыс эмес жерде жайгашкан парк “Панфилов” сейил багы 1924-жылы пайда болгон. Түзүлүшү жылдыз формасында болгондуктан, анын алгачкы аты "Жылдыз" болчу. 1942-жылы болсо Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун ысымы ыйгарылган. Бул паркта ар кандай аттракциондор, тамактануучу жана сүрөткө түшүүчү жайлар жайгашкан.
Чынгыз Айтматов атындагы сейил багы
Аталган сейил бак Бишкектеги эң эски сейил бактардын катарына кирет. Ал жерде ачык асман алдында ар кандай белгилүү эстеликтер жана имараттар бар. 2010-жылы белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун атын алган. Бирок көпчүлүк тургандар арасында “Эмен паркы” деген ат менен да белгилүү. Бул парктагы эң биринчи дарактар 1890-жылы орус ботаниги Алексей Фетисов тарабынан отургузулган.
Азыркы убакта паркта 90дөй скульптура жайгашкан.
“Жеңиш” сейил багы
Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркы Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан. Ал Улуу Ата-Мекендик согуштун баатыры Дайыр Асановдун атын алып жүрөт. Сейил бактын аянты 35 гектарды түзөт. Мында эстеликтер, скульптуралар жайгашкан жана веложолдор бар.
"Ататүрк" атындагы сейил бак
Бул парктын аты түрк элинин жол башчысы Мустафа Кемаль Ататүрктүн атынан коюлган. Ал эң биринчи 1957-жылдары Илимдер академиясынын ботаникалык багынын дендропаркы катары түзүлгөн. 1967-жылы "Достук" маданият жана эс алуу паркы, кийинчерээк "СССРдин 50 жылдыгы" атын алган. 1996-жылы гана азыркы аталышына ээ болгон. Парк ар түрдүү бак-дарактар менен курчалып, бир нече аттракциондор бар.
Гареев атындагы ботаникалык багы
Аталган ботаникалык бак 1938-жылы түзүлгөн. Ал жергиликтүү флораларды изилдеген алгачкы илим-изилдөөчү мекеме болуп эсептелинет. Ботаникалык бак мамлекеттин "Өзгөчө корулган жаратылыш аймактары жөнүндө" деген мыйзамы менен корголгон.
Бишкек шаарынын 125 жылдыгы атындагы сейил бак
1009-2010-жылдары кайрадан оңдоп түздөө иштери болгон сейил бак Асанбай кичирайонуна жакын жерде жайгашып, аянты 4 гектарга жетет. Ал оңдолгондон кийин жаңы отургучтар, таштанды чакалары коюлган. Ошондой эле техникалык талаптарга жооп берген аттракциондор орнотулган.
"Ынтымак 2" сейил багы
"Ынтымак 2" сейил багы Токтоналиев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен орун алат. Ал "Ынтымак", "Адинай" сейил багына жанаша жайгашкан. Сейил бакта ар кандай оюн-зооктор, караоке, иш-чаралар уюштурулуп, көңүл ачуучу программалар болуп турат.
