super.kg logo
  Саясат  

КРнын Бажы биримдигине кирүү тууралуу Жол картасын Евразия экономикалык комиссиясы кыргыз тарап менен макулдашпай туруп кабыл алып коюптур

 
11-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын  интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бажы  биримдигине кирүү тууралуу Кыргызстандын Жол картасын Евразия экономикалык комиссиясы кыргыз тарап менен макулдашпай туруп кабыл алгандыгын билдирди.

“Сунушталган Жол картасы Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп бербейт, кыргыз тараптын эксперттерин катыштырбай туруп толукталып иштелген жана Евразия  экономикалык комиссиясы  Кыргызстандын өкмөтү менен расмий түрдө макулдашпай туруп колдоого алган”,- деди Оторбаев.

Азыркы абалында Жол картасы Кыргызстанга  таптакыр ылайыгы жок, аны кабыл алууга болбойт. Кабыл алынса өлкөдө  бир топ социалдык көйгөйлөр жаратышы ыктымал экени айтылды

Биринчи вице-премьер-министр Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясына өкмөт өзүнүн Жол картасынын өз вариантын жөнөткөнүн, анда Кыргызстандын  кызыкчылыктары жана позициясы толук чагылдырылганы да билдирди

Кеңешменин аягында Алмазбек Атамбаев  улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана  Кыргызстан башка өлкөлөр менен  интеграциялык процесстерге катышарын баса белгилеп, бул багытта Евразия экономикалык комиссиясы менен мындан ары дагы тыгыз иш алып баруу боюнча тапшырма берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: