super.kg logo

"Бир айдан бери дайынсыз болчу". Казакстандык журналисттин сөөгү Грузиядан табылды

 

Казакстандык журналист Жанбота Төлеген Грузияда киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, буга чейин маркумдун кесиптеши Назира Даримбет журналисттин Грузияда өлтүрүлгөнүн айтып, социалдык тармакка жазып чыккан.

"Жанботанын классташтары анын Грузияда, Телави шаарында 21-майда өлтүрүлгөнүн кабарлашкан. Бул кандайча болгонун билбей жатам. Кантип ал жакка барып калды?" – деген Даримбет.

Буга чейин Даримбет Төлөгендин бир айга жакын байланышка чыкпай жатканын билдирген.

"Эми эмне деп ойлорумду билбейм, ал мага акыркы жолу 19-майда WhatsApp аркылуу байланышты. Бир аз күттүм, анан тынчсыздана баштадым. Интернет-журналистика курсубузда англис тилинде чогуу окуганбыз. 20-май күнү жолугушуубуз болмок, ал келем деп катталган. Бирок келген жок, телефону да өчүк", - деп жазган Жанботанын кесиптеши.

Ал эми Грузиянын ИИМинин Кахети шаарынын полиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Г.Х. аттуу жаран окуяга шектүү катары кармалганы аныкталды.

Ал Төлегенди туюк нерсе менен өлтүрүп, андан соң аялдын сөөгүн жашыруу үчүн дарыяга ыргытып жиберген. Эгерде шектүүнүн күнөөсү аныкталса, ал жасалган кылмышы үчүн 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: