Караколдо баңгизаты менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Каракол шаарында 3,2 грамм баңгизаты менен уюшкан
кылмыштуу топтун мүчөсү 47 жаштагы К.Алдаярбек кармалды. Бул тууралуу
12-декабрда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы
билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
К.Алаярбек буга чейин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесине (баңгизаттарын
мыйзамсыз ташуу, сактоо, сатуу, кармоо) беренесине ылайык соттолгон. Ички иштер
органдарынын маалыматына ылайык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү үйүндө маң зат
сактап жүргөн.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө үйүндөгү гүл идиштин алдынан баңгизаты
табылган. Мындан сырткары кармалган адам
өзүнүн паспорт боюнча фамилиясын өзгөртүп алганы белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:49
2025-10-02
19:54
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.