super.kg logo
  Саясат  

Электр самокатты тебүү боюнча мыйзам долбоору даярдалды

 

Өлкөдө электр самокаттарынын кыймылын жөнгө сала турган мыйзам долбоору даярдалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бүгүн, 19-июндагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, парламент Ички иштер министрлиги менен кызматташат, алар дагы ушундай эле мыйзам долбоорун иштеп жатышат.

Маматалиев мыйзам долбоордун айрым маалыматтары менен бөлүштү:

- Самокаттын кыймыл ылдамдыгын чектөө талап кылынбайт;

- Самокатты айдоо үчүн айдоочулук күбөлүккө муктаждык жок;

- Самокаттар катталбайт;

- Самокатты колдонгондор караңгы убакта жарык чагылдыруучу жилеттерди кийиши шарт жана шлем талап кылынбайт;

- Жашы жете электерге жол боюнда айдоого тыюу салынышы мүмкүн;

- Самокат айдоо учурда жол эрежелерин бузгандарга административдик гана эмес, кылмыш иши да козголушу мүмкүн;

Эл өкүлү электр самокатын тебүүгө эч ким тыюу салбай турганын, аны колдонуу гана жөнгө салынат. Айып пулдун көлөмү так айтылган жок, бирок 500 сомдон миң сомго чейин жетиши ыктымал.

Эл өкүлү мыйзам долбоору бир жуманын ичинде коомдук талкууга коюларын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: