super.kg logo

"Тазалыктын" жетекчиси Октябрь районунан таштандыны толук чыгарууга 10 күн убакыт берүүнү суранды (видео)

 

"Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиев Октябрь районунун тургундарынан таштандыны толук чыгарууга 10 күн убакыт берүүнү суранды.

Анын айтымында, борбор калаадагы эл жыш жайгашкан районду кабыл алуудан кийин иш графигин жөнгө салуу, кошумча жумушчуларды кабыл алуу процесстерине убакыт талап кылынууда. Натыйжада райондо таштанды алып чыгуу убактысынан кечигип, жумуш күчүнүн жетишсиздиги байкалууда. Ишкананын кызматкерлери күнү-түнү иштеп, бирок жетишпей жатышат.

“Буга чейин "Тазалык" ишканасы Октябрь районун тейлеген эмес. Аталган райондун тургундарынан кечирим сурайм жана таштандылардын баарын чыгарууга бир аз убакыт берүүңүздөрдү суранам. 10 күн ичинде таштандыны толук чыгарабыз”, - деп кайрылды Рамиз Алиев Октябрь районунун тургундарына.

Эске салсак, 14-июндан тарта Октябрь районун “Тазалык” ишканасы тейлей баштаган. Буга чейин аталган аймакты “БишкекВторРесурс” менчик ишканасы тейлеген. Ал өз милдеттерин убагында аткарбагандыктан келишим токтотулган.






Рамиз Алиевдин кайрылуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: