super.kg logo

"Концерттин убагы эмес". Казакстанда Орусиянын "Би-2" тобунун концерти болбой турган болду

 

Казакстандын Абай облусундагы балдар акыйкатчысы Элзира Жунусова Семей шаарында 21-июнга белгиленген "Би-2" тобунун концертин токтотууга чакырды. Ал өлкөдөгү трагедиялуу окуялар учурунда шоу өткөрүүнү орунсуз деп эсептейт. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

"Кечээ биз токойдогу өрттөн каза болгондордун акыркысы менен коштоштук. Бул жөнүндө жазуу абдан өкүнүчтүү. Жакында биздин Семей шаарына "Би-2" тобу барганы тууралуу маалыматты көрдүм. Концерт эки күндөн кийин болот. Бул каза болгондорго карата туура эмес болот деп ойлойм", – деди Жунусова.

Ал концерттин уюштуруучуларына жана билеттерди сатып алган күйөрмандарга анын демилгесине жана жалпы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

"Концерт коё турган учур эмес. Жоготуунун оору кете элек. Убакыт келип, майрамдык иш-чаралар улантылат", - деди акыйкатчы.

Абай облусунда токой өртү чагылгандан кийин 8-июнда башталган. Натыйжада "Семей ормана" коругунун 14 кызматкери каза болгон. Акыркы маалыматтар боюнча өрттүн аянты 60 миң гектардан ашты.

Буга чейин Бишкекте 18-июнда Спорт сарайында боло турган "Би-2" тобунун концерти белгисиз себептерден улам болбой турганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.06.2023. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир күнү Россия катуу жооп кайтарса өтө жаман болот. Маданий иш чараларга эч качан тосколдук кылынбаш керек. Маданий иштерге, чыгармачылыка аралашпай калган жаштар дайыма өтө орой жана агресивдүү болуп жашашат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: