super.kg logo

Суу алдындагы “Титаникти” көрүүгө кеткен туристтердин кемеси изделүүдө

 

Суу алдындагы “Титаникти” көрүүгө кеткен туристтер изделүүдө. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Атлантика океанында 3800 метр тереңдиктеги кыйраган “Титаникти” көрүүгө кеткен туристтик топ эки күндөн бери изделүудө. Адистер, суу астында жүрүүчү кеме рифке урунуп калышы мүмкүн деп божомолдошууда. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Маалым болгондой, суу алдында жүрүүчү кемеде беш адам болгон, ар биринде 72 саатка жете турган кислород бар. Ал эми расмий билдирүүлөргө караганда, аталган кеме жекшемби күнү сууга түшкөндөн 1 саат 45 мүнөттөн кийин байланышын үзгөн. Кеменин дайынсыз болуп жатканы дүйшөмбү күнү кечкисин маалымдалган.

Белгилей кетсек, суу алдындагы “Титаникке” саякат кылуунун баасы 250 миң долларды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: