super.kg logo

Карындашын коргоп, ок чыгарган адамга соттун өкүмү чыкты

 

Чүй райондук соту тарабынан адам өлтүрүүгө шектелген Ж.C.М. үч жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, шектүүгө алгач Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин “Адам өлтүрүү” 2-бөлүгү (“Бейбаштык максатта”) жана 267-беренеси “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” боюнча айып коюлган. Сот аталган беренелерди 123-беренеге (“Аффект абалында адам өлтүрүү”) алмаштырып, Жумакуловду үч жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган.

Эске салсак, 2022-жылы Бишкек–Торугарт автожолунун 69-чакырымында 47 жаштагы эркек киши ок жеп каза болгон.

Маалым болгондой, эртең менен Токмок шаарында 33 жаштагы келин аялдамага чыгып, жолдогу машиналардын бирине отурган. Айдоочу ыдык көрсөткөнүнөн ал агасына телефон чалып, башка машинага түшүп кеткен, бирок ал артынан барып, күч колдонуп, аялды сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда келиндин агасы келип, травматикалык тапанчадан ок чыгарган.

Окуя болгондон көп өтпөй аталган келин социалдык тармак аркылуу бийликке кайрылып, агасынын ишинин калыс тергелишин суранган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: