super.kg logo
  Спорт  

Кечээ, 11-декабрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 6-турунун алкагында 8 оюн орун алды

 
Орусиялык "Зенит" конокто ири эсепте жеңилгенине карабай тайпадан чыкты.
Оюндун 10-мүнөтүндө лондондук "Челсинин" чабуулчусу Демба Ба атаандашынын дарбазасына гол киргизип, жеңиш алып келди.
Италиялык "Наполи" өз үйүндө лондондук "Арсеналды" утуп алды. Бирок, бул тайпадан "Боруссия" менен "Арсенал" чыкты.
Роберт Левандоски кезектеги голун киргизүүдө.
"Атлетиконун" чабуулчусу Диего Коста.
"Барселона" ири эсептеги жеңишке жетишти. Оюнда Неймар 3 гол киргизди.
"Милан" өз үйүндө голландиялык "Аякс" менен 0:0 эсебинде тең ойноду. Миландык клубдун капитаны Монтоливо оюндун 22-мүнөтүндө кызыл айып кагазын алып, майдандан чыгып баратат.
10-декабрда жааган кардан улам токтотулган оюн кечээ уланды. Анда түркиялык "Галатасарай" италиялык "Ювентусту" 1:0 эсебинде утуп, тайпадан чыкты. Голду оюндун 85-мүнөтүндө Уэсли Снейдер киргизди.

Кечээ, 11-декабрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычын жыйынтыктоочу 6-турда “E”, “F”, “G” жана “H” тайпаларында 8 оюн орун алды. Анда плей-оффко чыгуучу 8 команда белгилүү болду. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

“G” тайпасы

“Аустрия” (Австрия) – “Зенит” (Орусия) – 4:1

“Атлетико” (Испания) – “Порту” (Португалия) – 2:0

“E” тайпасы

“Челси” (Англия) – “Стяуа” (Румыния) – 1:0

“Шальке” (Германия) – “Базель” (Швейцария) – 2:0

“F” тайпасы

“Марсель” (Франция) – “Боруссия” (Д, Германия) – 1:2

“Наполи” (Италия) – “Арсенал” (Англия) – 2:0

“H” тайпасы

“Милан” (Италия) – “Аякс” (Голландия) – 0:0

“Барселона” (Испания) – “Селтик” (Шотландия) – 6:1






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: