Түркияда катуу жааган жаандан улам сел жүрүүдө (видео)
Түркиянын борбору Анкара шаарында катуу жааган жаандан улам көчөлөрдө сел жүрүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары билдирүүдө.
Маалым болгондой, нөшөрлөгөн жаандан улам унаа жолдордо сел жүрүп, бир нече адам куткаруучулар тарабынан куткарылган. Көптөгөн унаалар жолдо калган. Өзгөчө Йенимахалленин Каршыяка району менен Этимесгуттун Баглыжа районунда суу ташкыны жогорку чекке жеткен.
Эске салсак, учурда Анкара шаарынан башка аймактарда да катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүүдө. Бийлик Мармара аймагынын чыгышы менен Батыш Кара деңиз аймагында катуу жаан жаашы мүмкүн экенин эскертти.
Анкарада катуу жааган жаандан улам сел жүрүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.