super.kg logo

Кадамжайда сел жүрүп, жергиликтүүлөр агып бараткан унаанын айдоочусун куткарып калышты

 

Кадамжай шаарынын Кайзерабад тилкесинде сел жүрүп, унааны агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, сел "Матиз" үлгүсүндөгү унааны агызып, 1976-жылы туулган айдоочусу А.А.Сайдалиеваны жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал учурда ооруканада, абалы туруктуу.

Ошондой эле сел суулары Кайзерабад тилкесинде болжол менен 500 метр, Звездная көчөсүндө 500 метр, Нүрдүн-Улакчы көчөсүнөн 600 метр ички жолдорду бузуп, 780 мерт ички арыктар кум-шагалга толгон. 2 көп кабаттуу турак-жайдын жер төлөөсүнө суу толуп, 12 жеке турак-жайдын короосун, ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнүн имаратынын жана райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун айланасын сел суулары каптаган.

Учурда ӨКМнын аймактык бөлүмү кырсыктын кесепеттерин жоюу аракетин көрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: