super.kg logo
  Саясат  

ИИМ Германиянын президентинин Бишкекке расмий сапары учурунда коопсуздукту камсыздайт

 

Ички иштер министрлиги ушул жылдын 21-23-июнунда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапары учурунда коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери иш сапар учурунда мыйзамдуулукту жана укук тартибин тийиштүү деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатат.

"Учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти талаптагыдай камсыздоо максатында ыкчам штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө иштери жүргүзүлүп, ага ылайык 2 миң милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылат. Расмий иш-чаралар учурунда милиция коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук камсыздайт. Ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт", - деп айтылат маалыматта.

Маалымдалгандай, расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чаралар учурунда жолдун айрым тилкелеринде унаалардын кыймылына чектөө киргизилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: