Шопоковдогу өрт: Бир адам оор абалда ооруканага түштү
Сокулук районундагы мунай базасындагы жарылуудан 4 адам жабыркап, ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Чүй облусунун саламаттык сактоо координатору Бактыгүл Мамытованын алдын ала маалыматы боюнча, анын кесепетинен 4 адам жабыркаган.
Ар кандай даражадагы күйүк алган төрт жабырлануучу "Тез жардам" кызматы менен Сокулук районунун Жалпы дарыгердик практикалык борборуна жеткирилген. Жабырлануучулардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө травматология бөлүмүнө (экөө орточо, бирөө канааттандырарлык абалда) жаткырылды.
Жабырлануучуларга керектүү дары-дармек, кан компоненттери жетиштүү көлөмдө бар.
Санавиация аркылуу Бишкек шаарынан комбустиолог менен бирге бригада жиберилди. Жеринде 3 "Тез жардам" бригадасы иштеп жатат.
Эскерте кетсек, бүгүн, 20-июнда Шопоков шаарында жарылуу менен коштолгон ири өрт чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.