super.kg logo

Роналду жаңы дүйнөлүк рекорду тууралуу өз оюн айтты

 

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду улуттук курамасындагы рекорддук жетишкендиги тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, 20-июнда атактуу футболчу улуттук курамасы менен 200-оюнга катышкан, ага чейин дүйнөдө бир дагы футболчу мындай жетишкендикке жеткен эмес.

"Бул жеңиштин өзгөчө даамы бар. Бул юбилейлик матч болгондуктан гана эмес, аны жеңиш голу менен жыйынтыктоодон өткөн эч нерсе жок. Беттештин айланасында болуп өткөндөрдүн баарын эске алганда, бул сонун жана унутулгус болду. Биз жакшы оюн көрсөтө алган жокпуз, бирок баары сен каалагандай боло бербейт. Бүгүн бизге күрөшүүгө туура келди. Ар бирибиз акырына чейин күрөшкөнүбүздү баса белгилегим келет", — деди Роналду.

Эске салсак, кечээ, 20-июнда Португалия курама командасы Европа чемпионатынын тандоо турниринин 4-турунда Исландияны 1:0 эсебинде утуп алды. Роналду жалгыз топтун автору болду.

Роналду Португалия курамасында 2003-жылдан бери ойноп келет. Ал улуттук курама менен 2016-жылы Европа чемпиондугун, үч жылдан кийин Улуттар Лигасын жеңген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: