Ак жол сага, бүтүрүүчү! Жол кайгуул кызматкерлери мектеп бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө




Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери орто билим берүү мектептерде кайгуулдарды уюштурууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жол кайгуул кызматкерлери бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарындагы мектеп алдындагы жолдордун коопсуздугун камсыз кылышып, мугалим, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
"Алар бүтүрүүчүлөргө майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдашып, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулуп, ичимдик ичип, унаа башкарып мыйзамсыз иштерге катышып калбоосун эскертишүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Рейддин максаты - өспүрүмдөрүнүн жол-транспорт кырсыктарына жана мыйзам бузууларга кабылуусун алдын алууга багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.