Тогуз-Торо районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Тогуз-Торо районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, Нарын дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерин суу каптаган. Ошондой эле аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон.
Мындан улам Тогуз-Торо райондук жарандык коргонуу комиссиясына "Айгай" жарыяланып Жалал-Абад облустук жарандык коргонуу башчысы Абсаттар Сыргабаев жана ӨКМнын Жалал-Абад боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закировдун катышуусунда штабдык отурум өтүп, Тогуз-Торо районуна 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Жеринде Нарын дарыясынын белгиленген тилкесинде суунун нугун буруу иштери жүрүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жарандык коргонуу кызматынан тиешелүү оор техникалар тартылып, алар күйүүчү май менен камсыздалды.

