super.kg logo

Кыргызстандын жалпы карызы канча экени айтылды

 

2023-жылдын апрель айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жалпы карызы 5 миллиард 640,34 миллион доллар же 493 миллиард 642,85 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялады.

Маалыматка караганда, мамлекеттин тышкы карызы 4 миллиард 524,93 миллион долларды түзсө, (396 миллиард 22,14 миллион сом) ички карыз 1 миллиард 115,41 миллион доллар (97 миллиард 620,71 миллион сом ) болгон.

Ошондой эле мамлекеттик карыз айына 17,2 миллион долларга өскөн. Анын ичинен 13,84 миллион доллар тышкы карыз болсо, 3,35 миллион доллар ички карызды түзөт. Апрель айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз ИДПнын 53,25 пайызын түзгөн.

Белгилей кетсек, тышкы карыздын жарымын (51,6 пайызын) Кыргызстандын көп тараптуу насыялары түзөт. Ал эми тышкы карыздын 47,2 пайызы эки тараптуу жеңилдетилген кредиттердин негизинде түзүлгөн. Анын ичинен республиканын тышкы карызынын 38,4 пайызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет, ал апрель айынын жыйынтыгы боюнча 173,23 миллиард доллар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.06.2023. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперлер силер каяктан жаттап аласынар ушул сандарды 1737.23 миллиард деп. Тышкы карыз тышты эмес
21.06.2023. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
999 миллиарддан кийин да 1000 миллиард деген бар экенда силерде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: