super.kg logo

Бүгүн Бишкекте Айтматов менен Бейшеналиеванын сүйүү баянын чагылдырган спектакль көрсөтүлөт  

 

Бүгүн, 21-июнда Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын сүйүү баянын чагылдырган "Чыңгыз менен Бүбүсара" спектакли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, спектакль бүгүн жана эртең саат 18:30да коюлат. Анын автору Кыргыз эл жазуучусу жана драматургу Жаныш Кулмамбетов экени айтылды.

Белгилей кетсек, спектакль эң алгачкы жолу 2005-жылы Ч.Айтматовдун тирүү кезинде коюлган. 18 жылдан кийин спектакль кайрадан толукталып, жаңыланып, көрүүчүлөргө тартууланат. Спектакль жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсайра Бейшеналиеванын улуу махабатын баяндап чагылдырган 2 көшөгөлүү драмадан турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: