super.kg logo

"Келишимге кол коюлду". Кыргызстандык студенттер окуусун Кореяда уланта алат

 

Кыргызстандык студенттердин Корея Республикасында окуусун улантууга мүмкүнчүлүк берген келишимге кол коюлду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстандагы университеттердин ректорлору жана депутат Аида Исабек кызы Түштүк Кореянын Гуми шаарындагы Кюнгвон университетинде өтүп жаткан келечектеги билим берүү маселелерине арналган «ASEAN-KOREA Experts» форумуна катышууда.

Форумга Азия өлкөлөрүнөн билим берүү тармактарынын өкүлдөрү, саясатчылар, эксперттер катышууда. Иш-чаранын алкагында панелдик дискуссиялар өтүп, келечектеги билим берүү саясаты, Азия өлкөлөрүндө окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, 2030-жылга чейин глобалдык тилектештик жана регионалдык кызматташуу механизми, жогорку окуу жайлардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, глобалдык жана футуристтик билим берүүгө өтүү маселелери талкууланды.

Андан соң кыргызстандык студенттерге окуунун биринчи жылын аяктагандан кийин Корея Республикасында окуусун улантууга мүмкүндүк берүүчү алкактык келишимге кол коюлду.

Белгилей кетсек, студенттер Кореяда окуусун аяктагандан кийин аталган өлкөдө ишке орношуу укугуна ээ болушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: