super.kg logo

Сокулуктагы ири өрт боюнча иш козголду

 

Сокулуктагы ири өрт боюнча иш козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, бул факты Сокулук райондук милициясы маалыматтардын бирдиктүү журналына каттап, тиешелүү экспертизаларды дайындаган. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда, сотко чейинки тергөө жүрүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-июнда Сокулук районунун Шопоков шаарындагы мунай базадан өрт чыккан.

Өрт тууралуу маалымат саат 16:11де түшкөн. Алгач төрт күжүрмөн эсеп, эки ыкчам топ тартылган. Алар жетишпей жатканына байланыштуу дагы төрт күжүрмөн эсеп кошумча жөнөтүлгөн. Өрт 18:06да чектөөгө алынып, 19:22де толук өчүрүлгөн.

Кырсыктан жабыркаган 4 адам Сокулук районунун дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилген. Алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Бишкектен дарыгерлер бригадасы комбустиолог менен бирге санитардык тазалоого жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: