Быйыл Талас облусу боюнча жолдорду асфальттоого 348 миллион сом бөлүнгөн
Кечээ, 21-июнда президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов облус аймагындагы асфальт төшөө жумуштары менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Манас районунун Манас айылындагы жаңыдан салынган 3 чакырым жана Талас районундагы Жергетал-Калба автожолундагы 1 чакырым жолдун сапатын текшерген.
Мындан тышкары, Талас районунун Үч-Эмчек айылына кире бериштеги буга чейин авариялык абалда болгон көпүрөнүн курулуш иштеринин сапаты менен таанышкан. Көпүрөнү капиталдык оңдоого республикалык бюджеттен 5,3 миллион сом сарпталган.
Белгилей кетсек, Талас облусу боюнча 37,5 километр асфальт төшөө пландалган. Бул максатта жалпысынан 348 миллион сом каралган. Ал эми 12 миң чарчы метр эски жолдорду ондоп-түзөөгө 19,6 миллион сом бөлүнүп, анын 8 500 метр квадраты аягына чыкты.

