Ысык-Көлдүн түбүнөн үч айда 7 миңден ашык килограмм таштанды, 96 миң синтетикалык тор чыгарылды





Ысык-Көлдүн түбүнөн 12-марттан бери 7 миң 150 килограмм таштанды жана 96 миң синтетикалык тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
"Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулаган торлордон тазалоо иштери уланууда. Чолпон-Ата, Бостери, Булан-Сөгөтүдө жайгашкан эс алуучу жайлардагы суу астынан желим бөтөлкөлөр арбын чыгып жатканын билдирген суучулдар учурдагы сезондо көлдүн тазалыгына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, быйыл Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде масштабдуу түрдө башталган. Ага ылайык, бир катар министрликтерден турган жумушчу топ түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

