super.kg logo
  Саясат  

Депутат Токторбаев "Батуминин" жанындагы кафени да  сүрдүрүү керектигин айтты

 

"Батуми" кафеси гана сүрдүрүлгөнү адилетсиздик. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Эл өкүлүнүн пикиринде "Батуми" менен бирге анын жанындагы "Шашлычная №1" кафеси дагы талкаланышы керек болчу.

"Сүрдүрүлгөн "Батуми" кафесинен 5 метр аралыкта жайгашкан "Шашлычная №1" деген кафе бар. Эгер талкаланса, анда экөөнү тең талкалаш керек болчу. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. "Батуминин" ээси жакпай калса, аны талкалап, "Шашлычная №1" кафесинин ээси жетекчилер менен жакшы болсо, аны алып калуу адилетсиздик болуп калат. Андай болбош керек, талкаланган кафеде бир нече адам иштейт эле, канча деген салык бюджетке түшчү", - деп билдирди Токторбаев.

Эске салсак, 24-майда "Батуми" кафеси сүрдүрүлгөн. Буга "Эстоунд" ЖЧКсынын жер тилкелерине ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартканы себеп болгон. Кийин Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына объектти бузуу тапшырмасы берилген. Бул боюнча коомчулукта талкуу болуп, кийин ишти УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алган. Көп өтпөй Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев УКМКга сурак берип чыккан.






Жогорку Кеңеш 22.06.23

Жогорку Кеңеш 22.06.23

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: