super.kg logo

Франциядагы жарылуудан 37 адам жаракат алды (сүрөт)

 

Кечээ, 21-июнда Франциянын борбору Парижде жарылуу болуп, 37 адам жаракат алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, окуя саат 17:00дө Париждин 5-округундагы дизайн студиясы жана католик билим берүү системасынын башкы кеңсеси жайгашкан үйдө болгон. Кырсыктын кесепетинен үйдүн көчө тараптагы фасады урап калган. Күбөлөрдүн айтымында, жардыруунун алдында көчөдө газ жыттанган. Кырсыктын келип чыгуусуна да табигый газдын жарылышы себеп болушу мүмкүн. Бирок полиция кызматы азырынча тергөө иштери жүрүп жатканын, мындай чечим кабыл алууга эрте экенин билдирди.

Ал эми Франциянын ички иштер министри Геральд Дарманин эки тургундун дайынсыз болуп жатканын маалымдады. Ошондой эле жарылуудан өрт чыгып, 270 өрт өчүрүүчү менен 9 дарыгер окуя болгон жерде иштеп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: