super.kg logo
  Саясат  

Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга комиссия уруксат берди деген маалымат жалган

 

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга комиссия уруксат берди деген маалымат жалган. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда SUPER.KG порталына убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөсү Миргүл Темирбаева билдирди.

Эл өкүлү комиссиянын корутундусуна добуш бериле электигин ырастады.

"Убактылуу депутаттык комиссия Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алды" деген маалымат жалган. Азырынча чогула элекпиз. Депутаттык комиссия акыркы чечим чыгаруу үчүн бүгүн түшкү тыныгуудан кийин жыйынга чогулат", - деди Темирбаева.

Буга чейин Фейсбуктагы "Бүтүн Кыргызстан фракциясы" деп аталган баракчада чечим чыккандыгы жана комиссия Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга макулдук бергендиги тууралуу маалымат тараган. Ага таянып бир катар ЖМКлар бул тууралуу жазып чыккан. Азыр аталган баракчадагы пост өчүрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: