super.kg logo
  Саясат  

Германия Кыргызстандын 14,9 миллион евро карызын конверсиялады

 

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө каржылык жана техникалык кызматташуу маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары германия тарапка Кыргызстанды финансылык жана техникалык кызматташуу боюнча Германиянын өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү суранды.

"Германия тарапка 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызды конверсия кылганы үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Учурда бул каражаттар өлкөнүн аймактарында жашаган тургундарга, негизинен калктын аялуу катмарына ипотекалык насыя берүүгө багытталууда. Кыргызстандын тышкы карызын Германия биринчилерден болуп конверсия кылууга даярдыгын көрсөтүп, башка өлкөлөргө жакшы үлгү болду. Биз сиздин жакшы ишаратыңызды жогору баалайбыз. Ушуга байланыштуу Германия тарапка экология жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга тышкы карызды алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылам", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: