Тышкы иштер министрлиги Париждеги жарылуу боюнча билдирүү жасады
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Париж шаарындагы жарылууда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин билдирди.
Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, учурда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок.
Жогорудагы айтылган маселе азыркы учурда Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат.
Маалымат үчүн: 21-июнда Париждин 5-округундагы Сен-Жак көчөсүндө жарылуу болуп, анын кесепетинен имараттардын биринин фасады кулап, өрт чыккан. Өрт коңшу имараттарга да өткөн.
Жардыруудан кеминде 37 адам каза болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.