super.kg logo

Бишкектеги суу маселеси: "Бишкек суу каналдын" башчысына сөгүш жарыяланды 

 

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында муниципалитетте пландык кеңешме өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалымдалгандай, жыйындын жүрүшүндө шаар мэри "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын башчысы Таалайбек Орозовго жана Ленин районунун акими Мураталы Тагаевге таза суу менен камсыздоо иштерин туура эмес жүргүзгөндүгү үчүн сөгүш жарыялады.

Мындан тышкары кеңешмеде мэр орун басарларына жана шаардык кызматтардын жооптуу жетекчилерине скважиналарды бургулоо, жолдорду жана тротуарларды куруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, буга чейин Арча-Бешик конушунун жашоочулары эки жумадан бери ичүүчү суусуз калгандыгын айтып арызданышкан. Ага ылайык, Бишкекте жана шаар четиндеги конуштарда ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам түнкүсүн чектөөлөр коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: