super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш президентке Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу сунушун жөнөттү

 
Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар президентке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматынан бошотуу сунушун жөнөттү.
Мындай демилге "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" фракцияларынын жана "Мекенчил" депутаттык тобу тарабынан парламентке сунушталды. Аны 72 депутат колдоп, үчөө каршы болду.

Бүгүн бир катар депутаттар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду отставкага кетирүү боюнча маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.

Эскерте кетсек, Байсалов 20-июнда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар менен айтыша кеткен. Ал "парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү мүнөздө гана экенин" айтып, депутаттарды сындаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: