super.kg logo

"Титаникти" көрүүгө кетип дайынсыз жоголгон туристтердин кычкылтеги түгөндү

 

Атлантика океанына чөгүп кеткен "Титаник" кемесин көрүүгө кетип дайынсыз жоголгон туристтердин суу астында жүрүүчү кемесинде кычкылтек түгөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, издөө иштери бир нече күндөн бери жүрүп жатат, бирок учурда суу астында жүрүүчү кеменин болжолдуу жайгашкан жери дагы аныктала элек. Бортто 96 саат бою кычкылтек запасы болгон деп болжолдонууда жана туристтер аны толугу менен колдонуп бүтүштү.

“Титан” суу астында жүрүүчү кемесин тапкан күндө да аны тереңдиктен көтөрүү эки саатка чейин созулушу мүмкүн.

Бортунда туристтер бар кеме эмне болгону азырынча белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: